Сотто Камчыбек Ташиевдин жактоочусу 3-октябрдагы митингде жабыр тарткан журналист Мээрим Мамбетованы күбөлөрдүн тизмесине кошууну өтүндү

3-октябрда бийликти басып алганга аракет кылган деп айыпталып жаткан депутаттардын жактоочусу Икрамидин Айткулов 2012-жылдын 3-октябрындагы митингде УКМК кызматкерлери тарабынан жабыр тарткан НБТ телеканалынын кабарчысы Мээрим Мамбетованы күбөлөр тизмесине кошууну соттон өтүндү. Анын айтымында, кабарчынын арызы кылмыш ишинин материалдарында бар. «Кабарчы УКМКнын кызматкерлерине карата чара көрүүнү өтүнгөн. Алар анын колун бурап, видеокамерасын тартып алышкан. Эмне үчүн бул кабарчынын арызы каралбай жатат?"- деди жактоочу. Эскертип кетсек, бүгүн, 14-февралда “ата журтчу” 3 депутат боюнча сот иши өтүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан