Ош шаарындагы аймактык кеңештердин биринде медициналык пункттун курулуш иштери башталды

Ош шаарынын “Курманжан датка-2” №12-аймактык кеңешинин Эдельвейс дача тилкесинде жаңы медициналык пункттун курулушу башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта шаардык мэриядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, бүгүн аталган медициналык жайдын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. 

Курулуучу ФАП 2014-жылы аталган аймактын жалпы жашоочуларынын демилгеси менен “Арис” эл аралык уюмуна сунушталып, колдоого алынган. 2015-жылдын 28-январында тендер өткөрүлүп, комиссиянын жыйынтыгынын негизинде Ош шаарында жайгашкан “Петро Строй” жоопкерчилиги чектелген коому утуп алган. Фельдшердик-акушердик пункттун жалпы сметалык баасы 2,5 миллион сомго жакын акча каражатын түздү. Ош шаарынын мэриясы тарабынан жалпы суммадан 5 пайыз акча каражаты бөлүнүп берилди. Медициналык пункттун курулуш иштерин ушул жылдын май айына бүткөрүү пландалган.

Иш-чарага Ош шаарынын вице-мэри Жапарбек Ормонов, бир катар мекеменин жетекчилери, аймактын тургундары катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан