"Бишкектин Токтогул менен Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жаңы курулуш мыйзамдуу" дейт адис

"Бишкектин Токтогул менен Коёнкөзов көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзам чегинде жүргүзүлүп жатат. Курулуш компаниясынын тиешелүү документтеринин баары өз ордунда". Бул тууралуу SUPER.KG порталына Мамлекеттик техникалык инспекциянын Курулуш көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдысамат Болотбаев билдирди. 
Анын айтымында, Бишкекте жаңы курулчу имараттар боюнча башкы план 2025-жылга чейин иштелип чыккан.
"Атайын планга ылайык, мисалы, Токтогул көчөсүндөгү 144-үй жакынкы жылдары бузулат. Эскилиги жеткен үйлөрдүн ордун жаңы имараттар толуктайт. Ал эми 144-үйдүн жашоочулары айткан жарака качан пайда болгондугун экспертиза көрсөтөт",- деди инспектор.
Айта кетсек, Бишкекте мыйзамсыз салына баштаган, бирок азыркы убакта курулуш иштери токтоп турган үйлөрдүн саны 20га жетет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан