Бишкек шаарында "9 жана 8 жаштагы ага-инини зордуктаган" деген шек менен балдардын 34 жаштагы коңшусу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-март күнү милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Анда ал саат 20:00 чамасында коңшусу 8 жана 9 жаштагы уулдарын зордуктап койгонун айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы жаран кармалды. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.