Кыргызстанда 2012-жылы 1 миллион 100 миң тонна көмүр казылып алынган

Кыргызстанда 2012-жылы 1 миллион 100 миң тонна көмүр казылып алынган. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда  Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин жыл жыйынтыгына арналган коллегиялык жыйынында аталган агенттиктин директору Ишимбай Чунуев билдирди. Айтымында, бул көрсөткүч өтө эле төмөн. “80-90-жылдары Кыргызстан 5 миллион тоннага жакын көмүр казып алчу. Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан баштап көмүр казып алуу токтоп калды, техника уурдалып-тонолуп жок болду, учурда ички рынокту дагы камсыз кыла албай жатабыз” - деди Чунуев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан