Алай районунда күчү 3,5-4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жер силкинүү бүгүн саат 12:34 чамасында болгон. Анын күчү 3,5-4 баллга жетип, очогу Эркеч-Там айылынан 25 чакырым түштүк-батышта, Кара-Киндик айылынан 30 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.