Ош. Студенттердин жатаканасында өрт коопсуздугу боюнча машыгуу болуп өттү

Ош шаарындагы студенттердин жатаканасында өрт коопсуздугу боюнча машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, машыгуу 23-март күнү Ош мамлекеттик университетинин жатаканасында өткөн. Бул өткөрүлгөн машыгуунун негизги максаты Ош шаардык өрткө каршы кызматынын өздүк курамынын практикалык деңгээлин көтөрүү менен ар кандай мүнөздөгү өрттөрдү өчүрүү ыкмаларын үйрөнүү жана алардын даярдыгын жогорулатуу болуп саналат. Ошондой эле машыгуунун аягында өрттүн алдын алуу боюнча өрт өчүрүү кызматкерлери студенттерге өрт коопсуздук эрежелери жөнүндө кеңири түшүндүрүшүп, суроолоруна жооп беришти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
dasa-kgz
2015-03-26 21:11:02
№1 жатакана го!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан