Бүгүн, 25-мартта депутат, Билим, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Бишкектеги К.Баялинов атындагы Республикалык жаштардын жана балдардын китепканасында болду.
Белгилүү болгондой, депутат китепкананын окуу залдары жана борборлору менен таанышты. Мекеменин директору Р.Султангазиева китепкананын ийгиликтери жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Ошондой эле жаштарга жана балдарга арналган кыргыз тилиндеги китептердин жетишсиздиги баарлашуунун негизги темасы болду.