Бүгүн, 26-мартта борбор калаада Борбор Азиянын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн ички иштер түзүмдөрү аймакта экстремизм жана террорчулукка каршы күрөшүүнү талкуулап жатышат.
КРнын Ички иштер министрлигинин алдындагы 10-Башкы башкармалыгы уюштуруп жаткан форумдун негизги максаты - тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты өнүктүрүү. Иш-чарада серепчилер, социологдор, дин таануучулар жана укук коргоочулар катышууда.