Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Тоң районунун Кара-Талаа айылында 1,5 гектар куураган чөп күйгөн. Ошондой эле Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунда трансформатор өрттөнгөн.