Чүй облусунда “Касапчы” жана “Мал уурдоо” аталышындагы рейд жүрүп, анын негизинде 37 кылмыштын бети ачылды

Жыл башынан бери Чүй облусунда “Касапчы” жана “Мал уурдоо” аталышындагы рейд жүрүп, анын негизинде 37 кылмыштын бети ачылган. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейдге 500 милиция жана ветеринардык, санитардык кызматтардын өкүлдөрү тартылган. Операция учурунда жалпы облус аймагына 20 пост коюлуп, мал ташыган 248 унаа текшерүүгө алынган. Ошондой эле рейддин жүрүшүндө 37 кылмыштын бети ачылып, анын ичинен 12 кылмыш мал уурулук боюнча экени аныкталган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан