Бийлик өкүлдөрү Апрель элдик революциясынын баатырларына ден соолук каалап, алардын тарыхта калганын айтышты

Кыргыз жергесинин тарых барактарында Апрель элдик революциясынын баатырлары өчпөс болуп түбөлүк калышты. Бул тууралуу бүгүн, 26-март күнү эскерүү кечесинде президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов айтты. "2010-жылкы революциядан кийин массалык маалымат каражаттары дагы эркин иштеп калышты",- деди ал. 
Ал эми вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өз сөзүндө Апрель баатырларына узун өмүр, чың ден соолук каалоо менен бирге 5 жыл мурда 7-апрель күнү кыргыз мамлекетинде калкыбыз элдик бийликке жеткендигин белгиледи. Муну менен катар Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров да элибиз алдыдагы шайлоону таза өткөрүп алышын каалап өттү.
Эскерүү кечеси фольклордук чыгармалардан турган концерт менен аяктады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asilkg
2015-03-26 14:03:08
Каяктагы элдик бийликке жеткен абал мурдагыдан да жаман болуп жатпайбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан