Интернеттеги социалдык тармактарда активисттер "илбирсти өлтүрүп, анын өлүгүнүн жанында сүрөткө түшкөн" делген адамды издешүүдө. Учурда бул маселе интернет айдыңында чуу жаратууда. Колдонуучулардын көбү бул адамды таап, жоопкерчиликке тартууга чакырышууда. Ошол эле учурда айрымдар "бул сүрөт фотошоп менен жасалган" деген пикирин айтып жатышат.
Бул сүрөттү интернетке чыгарган активист Эдил Байсалов "илбирстин өлүгүнүн жанында бейкапар сүрөткө түшкөн адам корей улутундагы миллионер Павел Тё болушу мүмкүн" деп шектенип жатат.