Канжар Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келди. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиришти. Ал эми Башкы прокуратура бул маалыматты тастыктай элек.
Айта кетсек, Башкы прокуратура Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон. Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган болчу.
Канжар Кадыралиев Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууган агасы. Ал Ош шаардык прокуратурасында иштечү.