Окуучулар арасындагы республикалык олимпиаданын 4-этабы 27-28-март күндөрү Бишкекте өтөт

Республикалык олимпиаданын 4-этабы 27-28-март күндөрү Бишкек шаарында өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта SUPER.KG порталына Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, олимпиада математика, информатика, физика, химия, биология, география, тарых, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, ошондой эле англис тили сабактарынан өткөрүлөт.

Иш-чаранын ачылышы А.Молдокулов атындагы Улуттук компьютердик гимназияда болот. 4-этаптын жыйынтыгы боюнча 10 сабактан 102 жеңүүчү тандалып алынары айтылды. Аларды сыйлоо салтанаттуу түрдө 30-мартта Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда орун алмакчы.  

       

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
BAYAW-KG
2015-03-26 20:52:48
Алга достор баарынарга ийгилик
+1
erali
2015-03-26 22:21:23
Жакшы,катышкан окуучуларга.аларды даярдаган мугалимдерине,жардам берген ата энелерине ийгилик!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан