Ош шаарында быйыл Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгы өзгөчө белгиленмекчи

Ош шаарында быйыл 9-Май - Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын өзгөчө белгилөө демилгеленүүдө. Буга байланыштуу комплекстүү иш-чараларды ишке ашыруу багытында атайын уюштуруу комитетинин штабы түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта шаардык мэриядан билдиришти. 

Жаркын келечегибиз үчүн кан майданда душмандар менен бетме-бет салгылашкан согуш ардагерлерине өзгөчө мээрим менен таазим этүү парз. Андыктан быйыл Жеңиш майрамын ардагерлердин катышуусунда  өзгөчө белгилешибиз керек”,- деди шаардын биринчи вице-мэри жана уюштуруу тобунун төрагасы Замирбек Аскаров

Мэрия тарабынан аталган иш-чараны уюштуруу жана өткөрүү үчүн 1 миллион 523 миң сом бөлүндү. Андан сырткары Ош шаарынын мэринин резервдик фондунан ардагерлерге жардам көрсөтүү үчүн 135 миң сом каралганы айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан