Бүгүн, 27-марттагы тегерек стол учурунда серепчи
Нина Багдасарова: "Кыргыз жергесинде жаштардын баалуулуктары бир багытка коюлбай, аралашып калган. Алардын алдыга койгон ой-максаттары ата-энесинин ой жүгүртүүлөрүнө окшош болуп калган",- деп билдирди.
Анын айтымында, 90-жылдары өсүп калган азыркы ата-энелер өлкөдө стабилдүүлүк жок учурда турмуштун кыйынчылыктарын көрүп калышты.
"Алардын баалуулуктары, тилекке каршы, балдарына өтүп кеткен. Азыркы жаштар "мен иштесем бутка турам, үй-бүлөмдү багам" деп ойлошот. Ошол эле учурда жаштардын баары иштейт, бирок өлкөдө байып бутка туруп кеткендер өтө аз. Жаштар алдыга койгон максаттарында бир гана өзүн ойлобостон, "Жалпы коомчулукта же мамлекетте эмнелерди өзгөртсөк кырдаал оңолот?" деп ойлонушса жакшы болот.
Мындай жыйынтыктарга биз өлкө боюнча жети облусту кыдырып анализ жасаганда келдик. Биз 750 жаш муундун өкүлүн жана 450 ата-энени тесттен өткөрдүк",- деди серепчи.