Бишкектеги Өчпөс оттун тамызгысы салынган кутуча Орусияга алынып кетти

Бүгүн, 27-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата "Эскерүү эстафетасы” эл аралык акциясы болуп өттү. Акциянын алкагында "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүлчамбар коюлду. 

Ага ЖКнын төрагасы Асылбек Жээнбеков, шаар мэри Кубанычбек Кулматов жана Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери катышты. 

Акциянын жүрүшүндө "Эскерүү эстафетасынын” бир бөлүгү "Жеңиш" аянтына алынып келип, Өчпөс оттон от тамызылды. Андан соң "Эскерүү эстафетасы” Санкт-Петербург шаарына алынып кетти. 

Иш-чаранын алкагында өкмөттүн өкүлдөрү жана согуштун ардагерлери сөз алып, дүйнө жүзүндө тынчтык болушун каалашарын айтышты.

Айта кетсек, "Эскерүү эстафетасы” эл аралык акциясы 11-март күнү Беларустун борбору Минск шаарында старт алган. Бул акция эми Баку, Кишинёв, Ереван, Дүйшөмбү, Астана жана Москва шаарларында да өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Fekus
2015-03-27 12:52:59
Дуйшомбу деген шаар барбы? Душанбе эмеспи?
-2
aikow92
2015-03-27 12:55:01
Fekus, Оа бар. Ошол Душанбени кыргызча дуйшомбу дейт. Билип жур!
+2
baron5249
2015-03-27 13:25:35
Ана хахабы дуйшомбу дегин.
-4
zhykyo
2015-03-27 14:29:31
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан аталарыбызга терен ыраазычылык билдирем! Силердин кылган эрдигинер биз учун сыймык.
+1
ema_cool_boy
2015-03-27 16:21:35
Sabyr86 туура айтат эмесе орустар понедельник деп койбойбу
+3
Kyzyl-Unkur
2015-03-27 23:11:53
Мага демектен вторник койбойбу! Биз КЫРГЫЗДАР илибой жердебиз! орустардын алдында эч качан баш ийбейбиз! Менин жеке пикирим!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан