Бүгүн, 14-февралда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча өтүп жаткан сотто мурунку соттук отурумдарда жабырлануучу катары суралып, бирок арызын кайтарып алгандыгына байланыштуу күбө катары суралып жаткан УКМКнын 9-башкармалыгынын полковниги Зоотбай Дабаев суроолорго жооп берди. Ал 3-октябрдагы митинг учурунда Ак үйдүн короосунан таштарды көргөнүн, бирок аларды митинг бүткөн соң жыйнатып, таштандыга ыргыттырып жибергенин айтты. “Эмне үчүн окуяга далил буюмдарды жок кылып салдыңыз?” деген суроого “мурда деле Ак үйдүн тосмосунан ашкандар, митинг кылгандар соттолгон эмес да, бул жолу деле кылмыш иши козголбойт деп ойлогом”,- деди Дабаев.