Бишкектеги бала бакчанын 2-кабатынан кулаган наристенин окуясынан кийин шаардык мэрияга караштуу бала бакчалар текшерилмей болду.
Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына Бишкек шаарындагы Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдирди."Бишкек шаардык мэриясына 80 мектепке чейинки билим берүү жана тарбиялоо мекемеси карайт. 23-мартта №113-бала бакчада орун алган жагымсыз окуяга байланыштуу мэрияга караштуу бардык муниципалдык бала бакчалар текшерүүгө алынмакчы. Текшерүү иштеринин алкагында бала бакчалардын инструкция, эмгекти коргоо, коопсуздук системдери толугу менен текшерилет",- деди С.Мейрманова.