Борбор калаада "унаалардын мамлекеттик номурларын уурдаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 20 жаштагы К.Д. аттуу жаран кайрылган. Анда белгисиз жарандар анын Мерседес үлгүсүндөгү унаасынын мамлекеттик номурун чечип кеткенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Э.К. аттуу жаран кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.