Ысык-Көл. Каракол шаарында "Кургак учук" улуттук программасын ишке ашыруу боюнча тегерек стол болуп өттү

Бүгүн Каракол шаарында "Кургак учук" улуттук программасын ишке ашыруу максатында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүндө "Ысык-Көл облусунда кургак учукка каршы иш-чараларды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролун жогорулатуу" деген темада тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди. Тегерек столдо райондук администрация башчыларынын орун басарлары, Каракол, Балыкчы шаарлардын вице-мэрлери, ошондой эле медициналык кызматкерлер катышып, калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө кеңири талкуу жүрдү. Жыйынтыгында атайын резолюция кабыл алынып, талкуунун жүрүшүндө белгилүү болгон көйгөйлөрдү чечүү боюнча чаралар белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан