Алматыда жашаган мекендештер: "Ата-бабаларыбыздын каада-салтын келечек муундарыбыз унутуп калбасын деп, кеч болсо да Ноорузду белгиледик"

Казакстандын Алматы шаарында жашаган кыргыз мекендештер 26-мартта жолугуп, Нооруз майрамын белгилешти. Бул тууралуу саамалыкты уюштурган “Замандаш” ассоциациясынын жана “Мурас” маданий борборунун өкүлдөрү билдиришти. 

Алардын айтымында, жолугушуунун негизги максаты - ата-бабаларыбыз аздектеп келген баалуу мурастарыбызды унутта калтырбоо жана мекендештерди ынтымакка чакыруу.

“Иштерибизден бошобой жүрүп Ноорузду кеч белгилесек да, бул майрамдын шылтоосу менен Алматы шаарында жашап жана иштеп жүргөн мекендештерибиздин башын бириктирдик. Бул жакта ар кайсы спорттун түрлөрү боюнча спорттук клуб ачып иштеткен кыргыз жигиттери бар. Бирок алар бири-бири менен таанышпай, ар бири өз алдынча иш алып барышчу. Ошондуктан атайын спорттук мелдеш уюштуруп, алардын башын бириктирдик. 

Жаш жигиттерибиз мелдеш соңунда мындан ары тыгыз байланышта болуп, чогуу иш алып баруу тууралуу ой-пикирлерин айтышты. Андан соң атайын жаз майрамына арналып тигилген боз үйгө бул жакта эмгектенген мекендештер бала-чакабыз менен чогулдук. Ата-бабаларыбыздын каада-салтын, көөнөрбөс дөөлөттөрүн келечек муундарыбыз унутуп калбасын деп улуттук оюн-зооктор уюштурулду. Мындан тышкары сүмөлөк бышырып, кымыз ичип, ак дасторкон үстүндө жакшы каалоо-тилектер айтылды”,- дешет уюштуруучулар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан