Ош шаарында диний кырдаал боюнча маалымат чогултуп жүргөн АКШнын Умар Фарук аттуу жараны кармалды

Ош шаардык милициясы 25-мартта АКШнын Умар Фарук аттуу жаранын кармап, жанынан "Хизбут-Тахрир" экстремисттик уюмунун лидерине жана уюмдун мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши боюнча документтердин көчүрмөлөрү табылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Анын жанынан экстремисттик жана террористтик багыттагы: жихадга үндөө багытындагы DVD дисктер да табылганы айтылды.  
УКМКнын билдиришинче, кармалган жаран тийиштүү уруксаты жок Ош облусундагы диний кырдаал боюнча маалыматтарды чогултуу менен алектенген. Документтердин көчүрмөлөрүн ал "Бир дүйнө" укук коргоо уюмунун Оштогу кеңсесинин юристи, КРнын Вахитов В.А. аттуу жаранынан алганын билдирген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
kursantbek
2015-03-28 09:25:49
мына акшнын кылганы мусулмандар жонундо маалымат чогултуп анан биз мусулмандарды жаман корсотуп уруш чыгарып бут дуйнону озуно караткысы бул акмактар!!!
0
Meruet84
2015-03-28 09:52:09
Ушинтип анан башташат да .Биринчи маалымат топтошот.
0
EdikoKG
2015-03-28 09:55:17
Булардын кулачы абдан кенен жайылган. ИИМдер жакшы иштесе,дагы коп кармашат.
0
carcanat
2015-03-28 10:54:33
ош окуясына туздон туз тиешеси бар болчу булардын. Дагы бирнерсени баштап жургон болсо кудай озу жазасын берсин.
+2
danyshman
2015-03-28 10:59:50
Ушинтип баардык былыкты Америка баштайт да,биз болсо журобуз американын демократиясын жамынып.Негизи биз Кыргыз элим кыргызча эле ата салтыбыз жашап башкарып келген эле салт санаа менен жашаса жетишет.
+4
Sharipa-asia
2015-03-28 11:00:20
Этият болгула кыргыз туугандар, кыргыз элим! Барактын колунан баары келет, аппактан абайлаш керек, шумшук шпиондорду салып коюп озу суттон ак болуп журо берет! ! Аллах Кыргызстанга тынчылык берсин!
+3
alik1602
2015-03-28 12:35:46
америка дуйного тынчтык бербей калды го,канча деген мусулман мамлекеттерин басып алды,анысы аз келгенсип,мусулманды мусулманга душман кылып хизбут тахрирди ойлоп чыгарышып,бири бири менен уруштуруп жатат,американын адамдары,солдаттары жургон жерде созсуз тынч болбойт,кыргыз элим акчага сатылып алданбайлы,озубуздун эле урпагыбыз тукумубуз жок болуп кетет алакандай элбиз,ынтымактуу бололу,америка украинаны жаман кылбадыбы,
+2
maksnarin
2015-03-28 12:55:47
Мына белгилуу-((( кайсы жерден сокку уруп,уруш чыгарган жатышат да-(((мамлекет дагы катуу козомолго алыш керек дин маселесин,мыйзамды катуулатып.
0
ainabaz82
2015-03-28 18:03:46
биздин манкурттар ушуларды ээрчишет анан
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан