Маалымат каражаттарында жайгаштырылган экстремисттик материалдарга каршы күрөш күчөтүлөт
ЖКда өкмөт
сунуштаган "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамына
өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, биринчи
окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоору маалымат каражаттарында
жайгаштырылган экстремисттик материалдарга каршы күрөштү күчөтүү максатында
иштелип чыккан. Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек
Жусубалиевдин айтымында, мыйзам долбоору басылмалар, жалпыга маалымдоо
каражаттары, маалымат сайттары аркылуу экстремизм, терроризм аракетин чакыруу
маалыматтарын табууга, аныктоого, материалдар табылган жеринде кылмыш ишин
козгоого жана аны уюштурган жактарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүгө
мүмкүнчүлүк берет.