2012-жылы кен иштетүү тармагы республикалык бюджетке 6 миллиард 700 миллион сом салык төккөн
2012-жылы кен иштетүү тармагынан республикалык бюджетке 6 миллиард 700 миллион салык төккөн. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн алдындагы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынында аталган агенттиктин жетекчиси Ишимбай Чунуев билдирди. Анын айтымында, бул каражат 2011-жылга салыштырмалуу бир кыйла аз. Былтыр бюджетке түшкөн бул каражаттын суммасы 7 миллиард 8 миллион сом болгонун айтат Чунуев.