Франция - жыпар жыттуу мамлекет (фото)

Францияга караганда, албетте, анын борбору Париж талашсыз түрдө көбүрөөк эл оозунда. Өзгөчө сүйүшкөндөрдүн кыялында Париж, анда жайгашкан Эйфель мунарасы түбөлүк жашайт. Франция даамдуу ашканасы жана шараптары, жыпар жыттуу атырлары менен атактуу.

Борбор калаанын 2 миллиондон ашуун калкы бар. 15 пайызга жакын бөлүгүн чет жерден келгендер түзөт. Парижге борбор шаардык милдет франктардын падышасы Хлодвиг I тарабынан V кылымда эле жүктөлгөн.

Париждин көрүнүктүү жайлары:

Эйфель мунарасы – Франциянын жана Париждин символу. Дүйнөдөгү көрүнүктүү жайлардын ичинде аталган мунаранын жанында эң көп адам болгон жана сүрөткө түшкөн. Ошол эле учурда туристтик компаниялардын бири түзүп чыккан көңүл калтырган көрүнүктүү жайлардын рейтинги боюнча Эйфель мунарасы биринчи орунду ээлеген. Сурамжылоого катышкан туристтердин ар бир үчүнчүсү “Эйфель мунарасынын көрүнүшүнөн рахат алуу үчүн анын жанында адам өтө көп” деп жооп узаткан. Ал эми мунаранын конструктору Гюстав Эйфель болсо курулушун жөн гана “300 метрдик мунара” деп атап, ал 2 жылдын ичинде 1889-жылы тургузулуп бүткөн.

Триумфалдык арка – Париждин Шарль де Голль аянтында жайгашкан монумент. Ал 1806-1836-жылдар аралыгында француздардын императору Наполеон I Бонапарттын буйругу менен улуу армиянын жеңишинин урматына тургузулган. Бирок монарх салтанаттуу түрдө өтүү үчүн жасалган эстеликтин курулушунун бүтүшүн көрбөй көзү өтүп кеткен. Монументтин бийиктиги 50 метрге жакын, ал эми туурасы 45 метрдей.

Париждик Кудай эне чиркөөсү – борбор калаада жайгашкан католиктердин храмы. Нотр-Дам-де-Пари 1163-жылдан баштап 1345-жылга чейин курулган. Собордун бийиктиги - 35 метр, коңгуроосунун бийиктиги - 69 метр. Тарыхына келсек, аталган чиркөөдө көп кылымдар бою падышалардын нике кыюусу, императорлорго таажы кийгизүү салтанаты, монархтарды жерге берүү зыйнаты, керек болсо 1302-жылы Франциянын биринчи парламенттик жыйыны да болуп өткөн. 1831-жылы жазуучу Виктор Гюго “Париждик Кудай эне чиркөөсү” романын жарыялап, анын кириш сөзүнө минтип жазган: “Менин башкы максаттарымдын бири – бул биздин архитектурага карата улуттун сүйүүсүнө дем берүү”.

Лувр музейи – дүйнөнүн эң байыркы, чоң жана белгилүү музейлеринин бири. Коллекциясы өтө бай, эң атактуу картинасы – сүрөтчү Леонардо да Винчинин “Жоконда” же “Мона Лиза” деген чыгармасы. Музей кирүүчүлөр үчүн эшигин 1793-жылдын 1-август күнү эшигин ачкан. Бүгүнкү күндө билет алуу үчүн 2 сааттан ашыкча убакыт кезекте турууга кетет. Ал эми музейдин кире беришинде жайгашкан жана Хеопс пирамидасынын үлгүсүнөн алынган Лувр музейиндеги айнек пирамида 1985-1989-жылдары тургузулган. Америкалык жазуучу Дэн Браундун бестселлер чыгармасы болгон “Код да Винчи” романында дал ушул пирамида баяндалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
bossmos7
2015-03-29 18:02:33
Жараткан Ак жол берсе быйыл барып коруп келемин!
0
nazira1989
2015-03-29 18:43:32
bossmos7,мени да ала барсанар...
0
bossmos7
2015-03-29 19:53:09
nazira1989,Жакшы болот эле шерик болуп.)
0
Kairatmyn
2015-03-29 18:14:36
Мына Парижди шаар десе болот.
-2
BAYAW-KG
2015-03-29 22:10:15
Буйруса Кыргызстан'да да бир күн келип Париждей шаарлар пайда болоор...
+1
nurik2103
2015-03-29 22:31:30
Франсуздар оздорун адамдын 1-сорту деп есептешет деп уккам
-2
Sadyrov_n93
2015-03-29 23:05:43
Менин кыялымдагы жерлердин бири.
0
FSB
2015-03-30 02:40:19
Men jash kezekte baryp kelgem.Bargan da armanda, barbagan da armanda.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан