Түркиялык адистер кыргыз жериндеги мейманканалар жана ресторандар тармагында долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаменти мейманкана жана ресторан тармагы боюнча түркиялык адистерди чакырып, апрель айында жыйын өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү кыргыз жериндеги, айрыкча Ысык-Көл облусундагы мейманканалар жана ресторандар дизайн жактан жаңыланууга муктаж. "1996-жылдан тарта Түркия, Болгария, Кипр, Голландия, Франция жана башка өнүккөн мамлекеттерде иш алып барган түркиялык компания кыргыз жеринде да бир нече долбоорлорду ишке ашырууга даяр",- деп билдирет мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан