Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев 31-марттан 11-апрелге чейин шаардын эли менен жолугушууларды өткөрөт. Мэриядан кабарлашкандай, жолугушуулар шаардын аймактарында атайын түзүлгөн графикке ылайык жүргүзүлөт. Анда 2014-жылы аткарылган иш-аракеттер туурасында маалымат берилип, элдин суроолоруна жооптор кайтарылат.