ЖКда юридикалык ишканалардын аталыштарын жазуу талабын ыраатка салууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жиберилди

ЖКда мамлекеттик каттоодон өткөн юридикалык ишканалардын аталыштарын мамлекеттик жана расмий тилде колдонулган тамга менен жазууга багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, буга чейин юридикалык жактардын аталыштарын латын же дагы башка тамгаларда жазууга уруксаат берилгендиктен, ал көптөгөн түшүнбөстүктөрдү жаратып, ар кандай чаташууларга алып келүүдө.

Депутат Урмат Аманбаева бул мыйзам долбоору мамлекеттик жана расмий тилдин өнүгүшүнө да өзүнүн жакшы таасирин тийгизээрин айтты. Ал эми депутаттар Улукбек Кочкоров менен Өмүрбек Абдрахманов мыйзам долбооруна каршылык билдирип, бул мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы жок экендигин айтышты. Министр Шыкмаматов айтылган сунуштарды экинчи окуунун жүрүшүндө эске алына турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан