Бишкектеги жана Орусиядагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү тажрыйба алмашуу боюнча меморандумга кол коюшту

КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору Алмаз Насыров жана Орусия Федерациясынын Президентине караштуу Орусия эл-чарба жана мамлекеттик кызматтар академиясынын Түндүк-Батыш башкаруу институтунун директору Владимир Шамахов кызматташтык меморандумуна кол коюшту. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Башкаруу академиясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка таянсак, меморандум өзүнө кызматташтыктагы маселелердин кенен айланасын камтыйт. Анда өнөктөштүк илимий изилдөө, окуу жайлар арасындагы студенттер жана мугалимдердин тажрыйба алмашуусу, биргеликте өткөрүлгөн маданий-билим берүү иш-чаралары, ачык лекциялар жана башка ушул сыяктуу программалар каралган.

А.Насыров меморандум Орусия жана Кыргыз Республикасынын ортосундагы өз ара мамилени бекемдөөгө өз салымын кошот деген ишенимин билдирди.  

«Биздин кызматташтык өнүгөт, бекемделет жана өз ара мамиленин жаңы деңгээлине жетет. Бирдиктүү аракет аркылуу биз илимий кызматташтыкты өнүктүрө алабыз жана өзүбүздүн окуу мекемебиздеги билим берүүнүн сапатын жогорулатабыз»,- деди Алмаз Насыров.

Владимир Шамахов келечектеги эки тараптын мамилесинин өсүшү туурасында мындай деди: «Биз ар дайым өзүбүздүн кесиптештер менен кызматташууга даярбыз жана өзүбүздүн билимибизди кубануу менен бөлүшөбүз. Бизде силер менен бөлүшчү жана силерден үйрөнчү нерселерибиз бар, бул эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык. Биздин кызматташтыгыбыз келечектеги мамилебиздин өсүшүнө жакшы түрткү болоруна ишенем».

Иш-чаранын жыйынтыгында экономика илиминин доктору Владимир Шамаховго "КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ардактуу доктору" наамы ыйгарылды.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан