Сингапурда "улут атасы" аталган Ли Куан Ю менен коштошуу үчүн миллиондон ашуун адам келди

Кечээ, 29-мартта Сингапурда өлкөнүн биринчи премьер-министри, "улут атасы" аталган Ли Куан Юну акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Жааган жамгырга карабай жүз миңдеген Сингапурдун жашоочулары маркум менен коштошуу үчүн чыгып, аза күтүп турушту. 

Маркумдун уулу, Сингапурдун азыркы премьер-министри Ли Сянь Лун атасы мамлекеттин түптөлүшүндөгү коркунучтардан качпаган чыныгы баатыр экенин айтат. Ли Куан Ю 2011-жылы балдарына керээз айтып, көз жумгандан кийин сөөгүнүн күлүн аялынын күлү менен аралаштырып көмүүнү суранган. Өлкөдө 4 күн бою аза күтүү өтүп, Ли Куан Ю менен коштошуу үчүн миллиондон ашуун адам келгени белгилүү болду. 

Ли Куан Ю 23-мартта 91 жашында каза тапты. Ал Сингапур көз карандысыздыкты алгандан кийин 31 жыл (1959-1990-жылдары) премьер-министр катары башкарган. Анын экономикалык саясаты Британиянын мурдагы колониясын гүлдөп-өнүгүүгө алып келген. 

Сингапур коррупциясы жок, эффективдүү башкаруу, экономиканын эркиндиги, кызмат көрсөтүү, инфраструктура жана башка көптөгөн багыттар боюнча дүйнөдө алдынкы катарда турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
plaza85
2015-03-30 11:22:27
Ушул адамды чыныгы элдин уулу экен. Бизге ушундай адам качан келет экен.
+2
EdikoKG
2015-03-30 11:22:39
Кадыр-баркы ашкан,сыйлуу адам экени корунуктуу.
+2
zhykyo
2015-03-30 14:14:44
Биздин чондор да ушундай даражага жетсе гана
0
Aruukeramazan
2015-03-30 17:27:21
Кандай кыйын улуу адам. Кедей олкону 30 жылда эн алдынкы ийгиликтуу алдынкы олкого айлантты. Жаткан жери жайлуу болсун. Бизге да ушундай олко башчы насип этсин.
0
nurkasym-2014
2015-03-31 07:22:10
Бизге да кудайым ушундай олко башчы береер деп умут кылалы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан