18-февралда АКШнын альпинист жана лыжа спортчулары Бишкектеги мүмукүнчүлүгү чектелген балдарга, кароосуз калган 150дөй жаш жеткинчектерге кайрымдуулук иш-чарасын өткөрөт. Бул тууралуу Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, иш-чара Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу капчыгайындагы “Политех” тоо-лыжа базасында өтмөкчү. АКШлык спортчулар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тоо лыжа базасына алып барып оюн-зоок уюштурушат.