Ош шаарында аба ырайынын кескин өзгөргөндүгүнө байланыштуу штабдык отурум болуп, анын жыйынтыгында калаага кайрадан жылуулук берүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу 30-мартта шаардык мэриядан билдиришти.Азыркы учурда Ош шаарындагы төрөт үйү жана Ош облустар аралык төрөт үйлөрүнө жылуулук толук кандуу берилди. Мындан сырткары “Жылуулук камсыздоо” муниципалдык мекемесине караган абоненттерге жылуулук берүү бүгүн кечинде толук кандуу жетсе, Ош шаардык жылуулук электр борборуна караган абоненттер жылуулук менен 31-мартка карата толук камсыз болушат.
Штабдык отурумдун жыйынтыгына ылайык, жылуулук берүү бир жумага узартылып, 29-марттан 4-апрелге чейин берилет. Бул чечим аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша дагы узартылышы мүмкүн.
Эске сала кетсек, Ош шаарында аба ырайы нормадан ашык жылыгандыгына байланыштуу калаага жылуулук берүү 24-мартта токтогон.