Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата ретро унаалардан турган автожүрүш өткөрүлөт

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата автожүрүш 9-апрелден 9-майга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-марттагы маалымат жыйынында демилгечи топтун мүчөсү Жумакан Сариев билдирди. Анын айтымында, жүрүшкө жалаң ретро унаалар катышат.

“Автожүрүшкө М-20 Победа, М-21 Волга, Москвич-407, Газ-69, Урал мотоцикли, Иж, бардыгы болуп 10го чукул ретро унаа чыгат. Ага 20га чукул адам катышканы турат, алардын арасында ден соолугу жакшы ардагерлер да болот. Биздин маршрут Бишкек-Тараз-Шымкент, Атырау-Волгоград-Минск-Санкт-Петербург-Москва боюнча өтөт. Ал эми иш-чара 9-майда Бишкекте салтанаттуу түрдө митинг жана концерт менен аяктайт”,- деди Сариев.  

Жыйындын катышуучуларынын айтымында, акцияны элчиликтер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана башка демөөрчүлөр колдошту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
saat1200
2015-03-30 12:34:37
Эн жакшы ой. Сонун экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан