15-февралда Бишкек шаарындагы 3 жаңы конушта аялдарды акысыз медициналык текшерүүдөн өткөрүү иш-чарасы болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Медициналык текшерүү “Ак-Өргө”, “Арча-Бешик”, “Ак-Ордо” жаңы конуштарында саат 9:00дөн 16:00гө чейин №12-үй бүлөлүк медициналык борборунун филиалдарында өтөт. Айымдар терапевт, неврапотолог, маммолог, акушер-гинекологдун текшерүүсүнөн өтүшмөкчү.