Бишкек-Ош унаа жолунун “Сосновка” посту жеңил унаалар үчүн ачылды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга убактылуу жабык. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Транспорт жана байланыш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Айта кетсек, 29-март күнү саат 15:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 127-128-чакырымдарында кар жаап, бороон болуп жаткандыгына байланыштуу унаа тыгыны пайда болгон. Мындан улам саат 19:00дө “Сосновка” посту жалпы унаалар үчүн жабылган.