14-февралда Бишкектеги Ак-Босого, Калыс-Ордо жана Көк-Жар жаңы конуштарында аймактык милиция бөлүмчөлөрү ачылды. Аталган иш-чарага Бишкек ШИИБинин жетекчиси Мелис Турганбаев, шаар мэри Иса Өмүркулов, ЕККУнун өкүлдөрү, район акимдери жана жергиликтүү тургундар катышышты. Турганбаевдин айтымында, ушул жылдын биринчи кварталында мындай аймактык милиция бөлүмчөлөрүнүн санын 40ка жеткирүү каралган. Учурда Бишкек шаары боюнча 33 аймактык милиция бөлүмчөсү бар. Бирок шаардык милициянын жетекчиси алардын абалы начар экенин белгиледи. “Аймактык бөлүмчөлөрдү ачуунун негизги максаты - милицияны элге жакындатуу. Себеби шаар ичине салыштырганда жаңы конуштарда кылмыштуулук көп катталат. Мына ушул жаңы конуштарда кылмыш катталып, телефон чалышканда ыкчам иликтөө тобунун кылмыш болгон жерге жетүүсүнө жолдун алыстыгы кыйынчылыкты туудурат. Мына ушул негизги маселени чечүү үчүн аймактык милиция бөлүмчөлөрүн ачып жатабыз”,- деди Турганбаев.