Быйылкы жылдын 20-мартынан 27-мартына чейин Бишкек мэриясынын “185” ыкчам чара көрүү кызматына шаар тургундарынан 253 арыз жана кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, алардын 120сы катталып, 54 кайрылуу боюнча чара көрүлүп, аткарылган иш 45 пайызды түздү. Кайрылуулардын көпчүлүгүн шаардык транспорт, электр энергиясы менен камсыздоо, тазалык жана шаарды көрктөндүрүү маселелери түзгөн.