Ош мамлекеттик университетинде “Көп тилде билим берүүнү пландаштыруу жана жайылтуу программасы” деген темада семинар болуп өттү. Аталган семинарга факультеттердин декандары жана кафедра башчылары, окутуучулар катышышты.
Окуу жайдан кабарлашкандай, семинар Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду, КРнын Билим берүү жана илим министрлиги, “Ирет” коомдук бирикмеси, Социалдык интеграциялоо борбору тарабынан уюштурулуп, анда ОшМУда көп тилде билим берүү боюнча жүргүзүлүүчү пландык иш-аракеттер талкууланды. Семинардын катышуучулары университеттин заманбап адистерди даярдоосуна бул программа көмөктөш болорун билдиришти.