Кыргызстанда 4 жаңы алтын кени изилденип жатканын 14-февралда КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынында аталган мекеменин жетекчеси Ишимбай Чунуев билдирди. Айтымында, геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзгөн австралиялык “Manas Resources” ишканасы Баткен облусундагы "Шамбесай" кенине, британиялык “Хайленд Экспорейшн" ишканасы Жалал-Абад облусундагы "Үңкүр-Таш" кенине чалгындоо иштерин жүргүзүүгө лицензия алышкан. Мындан сырткары Чүй облусундагы "Талды-Булак Левобережный" жана "Миронов" кендеринде да чалгындоо иштери жүрүп жатканын айтты Чунуев.