Биз социалдык тармакта

Ош облусунун казысы илим сабаты жетиштүү болбогон имамдарды окуу курсуна барууга милдеттендирди

Ош облусунун казысы Ноокат районундагы мечиттерде жума намазын окуй турган имамдар менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Ош облустук казыятынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жолугушууга Ноокат районунун башкы имам-хатиби Маматкасым Турдубаев жана казыяттын кызматкерлери катышышты. Чогулуштун жүрүшүндө Ош облусунун казысы Ниязали ажы Арипов имам-хатибдерге мазхаб кармоонун зарылчылыгы боюнча түшүндүрмө берип, матрудия ишеним акыйдасынын чегинде иш алып барууга чакырды. Илим сабаты жетишерлик деңгээлде эмес имам-хатибдерди окуу курстарына катышууну милдеттендирди. Мындан сырткары жыйында даават иштери, намаз убакыттары боюнча айтылган пикирлерге тиешелүү жооптор берилди.

Жыйындын сонунда казы жашы улуу, 15-20 жылдан бери имамдык кызматты аркалап эмгеги сиңген аксакалдарга казыяттын атынан китептерди тапшырды. Эскерте кетсек, аталган жыйынга Ноокат районунун 39 жума окулган мечитинин имам-хатибдери катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан