"Учурда мамлекеттик баланста 435 тонна алтын бар". Бул тууралуу 14-февралда КРнын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиялык жыйынында аталган мекеменин жетекчиси Ишимбай Чунуев маалымдады. Ал айткандай, 2 айдын ичинде мамлекеттик баланстагы алтындын запасы 9 пайызга азайган, анткени 2012-жылдын 1-ноябрына карата мамлекеттик баланста 477,1 тонна алтын бар болчу.