29-30-март күндөрү Төө-Ашуу ашуусунда жааган кардан жана катуу бороондон улам унаа тыгыны орун алды. 30-мартта түнкү саат 03:00 чамасында жол кызматкерлери атайын техника менен унаа кыймылын жөнгө салышты.
Оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу дөңгөлөктөргө чынжыр такпагандыгынан унаа жолду тосуп калганын 30-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта башка унаалардын дөңгөлөктөрүндө да чынжырлар тагылбаганы айтылып, алар да жол кыймылына тоскоолдуктарды жаратканы кошумчаланган.
"Айдоочуларда бири-бирин сыйлоо деген жоктугунан алар жолдун каршы тилкесине чыгып жатышты. Унаалар 3 тилкеге тизилип, каршы кыймыл менен жүрүп жаткан унаалардын жолун тосуп салышты. Унаа тыгынын жоюу максатында "Сосновка" посту оор жүк ташуучу унаалар үчүн жабылган. Бирок айрым айдоочулар бул талапка баш ийбей өтө берип, унаа тыгынын узартышты",- деп билдирет мекеме.