Билим берүү жана илим министрлиги окуучулар арасындагы олимпиаданы электрондук форматта өткөрүү жана олимпиаданын жоболорун өзгөртүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, химия сабагы боюнча олимпиаданын комиссиянын жалпы ишин текшерүүгө көз карандысыз комиссия түзүлмөкчү. "Олимпиада окуучулардын билим деңгээлин аныктайт жана алар үчүн өз күчүн сыноого ыңгайлуу шарттарды түзүп берет. Олимпиаданын жыйынтыгы адилетсиз чыгарылганы аныкталса, күнөөлүүлөргө катуу чара көрүлөт",- деп билдирет мекеме.