Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинде жабыштырып жасоо техникасынын негизинде "Пластилин шырдак" аталышындагы мастер-класс өткөрүлдү. Аталган музейден бүгүн, 31-мартта билдиришкендей, балдар шырдакка кандай оймо-чиймелер, орнаменттер колдонуларын үйрөнүштү.
Белгилей кетсек, бул иш-чара “Музейдеги жуманын таттуу аягы” аттуу музей менен тааныштырууга багытталган программанын алкагында уюштурулду.