Жылдыз Жолдошова: "Төрагага каршы кол топтоону баштадым"

 "Төрага Парламенттеги азчылык коалициясын өгөйлөгөндү токтотушу керек" деди депутат Жылдыз Жолдошова ЖКнын 14-февралдагы жыйынында. Ал төрага Асылбек Жээнбековду депутаттарга сүйлөө үчүн микрофон берүүдө калыстык кылбай жатканын айтып сынга алды. "Мен сүйлөп жатканда микрофонду 2 секунд эрте өчүрүп койдуңуз. А бирок депутат Тербишалиевге 2 жолу микрофон бердиңиз. Сиз бүгүн азчылык коалициянын депутаттарын аябай кемсинттиңиз, мындай болбойт. Мен айткам, эгер калыс болбосоңуз сизге каршы кол топтойм деп, баштадым. Төрага үчүн бардык депутаттар бирдей болушу керек" деди. Ал эми төрага ар бир депутатка бирдей убакыт бериле турганын айтып, жөнү жок сын айта берген туура эмес экендигин эскертти. Бул ортодо депутат Данияр Тербишалиев мыйзам боюнча 2 жолу сүйлөөгө укугу бар экенин айтып Жолдошованын өзүн туура сүйлөөгө чакырды".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан