Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында "Мен зордук-зомбулукка каршымын!" деген аталышта көргөзмө өтүүдө. Иш-чара КРнын Өкмөтүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду тарабынан демилгеленип, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан каржыланууда.
Уюштуруучу топтун мүчөсү
Мавлюда Жапарованын айтымында, көргөзмө дагы 10 күнгө созулат.
"Биз бул инсталляция менен коомчулукка "зордук-зомбулукту жашырбаш керек, аны унчукпай койбой айтып, күнөөлүүлөр жазасын алыш керек" деген ойду айткыбыз келет",- деди ал.
Мындан тышкары көргөзмөнүн жанында флешмоб өткөрүлөрү күтүлүүдө. Ага вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева катыша турганы айтылды.