Бүгүн, 31-мартта үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы өтүп жаткан иш-чаранын жүрүшүндө КРнын Вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева бул багытта өкмөт иш алып барып жатканын билдирди.
"Зордук-зомбулукту жоюуга өкмөт болгон аракеттерди көрүүдө. Социалдык роликтер тартылып, тийиштүү кампаниянын алкагында аялдамаларга баннерлер илинди. Эми өлкө боюнча мектептерге плакаттар таратылмакчы",- деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында "Мен зордук-зомбулукка каршымын!" деген аталышта көргөзмө өтүп жатат. Иш-чара КРнын Өкмөтүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду тарабынан демилгеленип, Улуу Британиянын Кыргыз Республикасындагы элчилиги тарабынан каржыланууда.