Кыргыз жергесинде ар бир экинчи жаш бала зомбулукка кабылат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында өткөн "Мен зордук-зомбулукка каршымын!" аталыштагы флешмобдун жүрүшүндө белгилүү болду.
Маалым болгондой, өлкөдө ар бир экинчи бала психикалык же физикалык жактан зомбулукка учурайт. Кыргыз жергесинде былтыр үй-бүлөдө болгон зомбулуктун 42 пайызы жаш балдарга карата көрсөтүлгөн.
Социалдык иш-чара колдун сүрөтү тартылган "Зомбулукка жол жок!" деген инсталляцияга таякчаларды саюу жана концерттик программа менен аяктады.